Биз менен байланышыңыз

Шайлоонун жүрүшү боюнча партия лидерлери эмне дейт?

Саясат | 28 Ноя 2021 | 1622 | 0

Бүгүн Кыргызстанда парламенттик шайлоо биринчи жолу аралаш система менен өтүп жатат. Жаңы шайлоо системасы шайлоочулар арасында көп түшүнбөстүктөрдү жаратып, бюллетендердин жараксыз болушун шарттап жатканы айтылууда. Президент өнөктүк башталгандан тарта бийлик шайлоону таза жана ачык өткөрүүнү убадалап, мамлекеттик кызматкерлерге катуу эскертүүлөрдү берип келет. Бирок аймактарда ачык админресурс колдонуу жана башка мыйзам бузуулар байма-бай катталууда. Шайлоо канчалык таза өтүп жатканы боюнча партия лидерлеринин оюна алдыда кененирээк токтолобуз.

Бүгүн эртең мененки саат 08:00дө өлкө аймагында жана айрым чет өлкөлөрдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо башталды. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Чоң-Арык айылындагы шайлоо тилкесине жубайы Айгүл Жапарова менен саат 8:30да келди. Добуш берүүдөн кийин президент басма сөзгө кайрылып, элди активдүү добуш берүүгө чакырды.

«Бүгүн Кыргызстандын, анын ичинде өзүңүздөрдүн балдарыңыздардын келечеги аныкталат. Ошондуктан дагы бир жолу силерден суранып кетем, шайлоого келип, активдүү катышып бериңиздер».

Саат 9:00дө Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров №1142 шайлоо участогунда добуш берип, андан соң мекендештерге кайрылып, өлкө тарыхында алгач ирет Президенттин администрациясы жана Министрлер кабинети шайлоо процессине кийлигишпегенин айтты. Жапаров ошондой эле тандоо кандай болгонуна карабай баш ийип, ошол кишилер менен иштешкенге даяр экенин эске салуу менен шайлоочуларды «акыл-эстүү, жакшынакай депутаттарды тандап бериңиздер» деп кайрылды.

«Биздин шайлоого жана шайланууга укугубуз бар. Сиздер татыктуу тандоо жасап, сиздердин кызыкчылыгыңыздарды жактап, экономиканын өсүшүнө өбөлгө түзүп, сиздердин пенсияларыңызды жана айлык акыңыздарды жогорулаткан мыйзамдарды жаза турган депутаттарды шайлайсыздар деп ишенем. Өлкө тарыхында алгач ирет Президенттин администрациясы жана Министрлер кабинети шайлоо процессине кийлигишкен жок деп айтууга болот. Сиздердин жоопкерчиликтүү, салмактуу, патриоттук, жарандык позицияңыздарга ишенем. Акыл-эстүү, жакшынакай депутаттарды тандап берүүңүздөрдү өтүнөм. Милдет катары, тапшырма катары да алсаңыздар, бүгүн келип өзүңүздөрдүн эркиңиздер менен добуш берип кетиңиздер».

Буга чейин Акылбек Жапаров шайлоого 2 күн калганда акча чачкандарга көзөмөл күчөтүлө турганын эскерткен. Ошондой эле ал бул шайлоодо тартип бузуулар эки эсеге жана партиялардын фонддорун сарптоо үч эсеге азайганын кошумчалаган.

Парламенттик шайлоого катышып жаткан талапкерлердин бири Өмүрбек Текебаев азыркы бийлик шайлоону таза өткөрүүгө аракет кылганын, бирок эл да добуш сатуудан алыс болушу керектигин айтты. Ошондой эле Текебаев шайлоо өнөктүгүндө акчанын орду мурункудай эле чоң экенин айтып, бийликтин эң негизги кемчиликтерин атады.

«Мамлекет башчысы өзү баш болуп, УКМК төрагасы төш болуп, кээ бир талапкерлердин фамилияларын айтып, «шайлоо да болот, шайлоонун эртеси да болот, керек болсо камайбыз» деп коркутканын көрдүк. Мунун өзү потенциалдуу талапкерлерди коркуткандык. Мен мыйзамды бузуу сыяктуу адилетсиз шайлоонун элементтерин партиялар тизме түзө баштаганда эле байкагам. Бул партияга барсаң бата берет, башкасына барсаң проблема болот, мүмкүнчүлүгү бар адамдарды туура партияларга бөлүштүрүштү. «Туура эмес» деп эсептелген партияларга Атайын кызмат, мамлекет башчысы ачык эле терс үгүт жүргүздү».

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, оппозициячыл саясатчы Адахан Мадумаров шайлоонун жалпы жүрүшү, үгүт учурундагы кемчиликтер, админресурс жана элдин саясий деңгээли тууралуу суроолорго жооп берип жатып, мамлекеттик телеканалдар аркылуу кыйыр админстративдик ресурс колдонулганын белгиледи. Ошондой эле ал депутаттардын биринчи иши парламенттин калк алдындагы кадыр-баркын көтөрүү экенин айтты.

Жаңы шайлоо системасы элдин башын айландырып жатканын дагы бир талапкер Алтынбек Сулайманов жашырган жок.

«Келечекте бир мандаттууну жоюу керектигине көзүбүз жетти окшойт. Анын артынан да чырлар, соттошуулар болот. Ошол себептен азыркы преференциалдык шайлоо системасы менен бирдиктүү системаны калтырсак, бир топ жеңил болмок. Себеби бир бюллетень берилип, сандарды жаттоо да оңой болмок. Азыр чаташып, аралашып кетти».

Бул шайлоону таза өткөрүү азыркы бийликтин алдында турган эң чоң сыноо катары бааланып келет. Себеби өткөн жылдын октябрь окуялары дал ушул парламенттик шайлоонун жыйынтыгына болгон нааразычылыктан келип чыккан. Жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоодон кийин бийлик алмашып, жаңы Конституция кабыл алынган.

Copyright © 2017 Maral FM