Биз менен байланышыңыз

Ийгилик менен бактылуулук: Кайсынысы көбүрөөк маанилүү?

Блог , Коом | 29 Ноя 2021 | 1631 | 0

Лесли Риопел, АКШнын балдар дарыгери

Гарвард университетинин психология профессору Дэниел Гилберт: «Бактылуулук – жашоодо биз кабыл алган бардык чечимдерибиздин түпкү максаты. Жакшы чечим бизге ырахат, жыргалчылык, бакубат жашоо же канааттануу алып келет», — деп далилдейт (Гилберт, 2010).

Соня Любомирский жүргүзгөн изилдөөгө караганда, биздин бактылуу болушубуздун же болбошубуздун 40 пайызы биздин колубузда болушу мүмкүн экен (караңыз: «Бактылуулук диетасы» китеби, Любомирский – 2008).

Бактылуулук менен ийгиликтин кайсынысы биринчи орунда турат?

Чындыгында, бактылуулук көбүнчө субъективдүү келип, аны өлчөө кыйын. Ал эми ийгилик сырттан бааланып, башка адамдарга салыштырмалуу болот. Бактылуулук көбүнчө жеке инсанга тиешелүү болсо, ийгилик топко, жамаатка да таандык болушу мүмкүн.

Көпчүлүк бактылуу болууну да, ийгиликтүү болууну да каалашат. «Ийгиликтин арты менен дароо бактылуу болуп калабыз» деп ишенишет. Кайсынысы маанилүү экенин 100% так айта албасак да, бул экөө бири-бири менен тыгыз байланышта экенин билебиз.

Бактылуулук менен ийгиликтин ортосундагы байланышты Lyubomirsky, King, Diener (2005) изилдөөлөрү аныктайт.

Бактылуу адамдар турмуштун ар тармактарында ийгиликтүү болушу мүмкүн экенин көрсөттү. Мисалы, жумуштан, ден соолук жактан, кирешеден, достуктан, никеден, үй-бүлөлүк турмуш тараптан. Бул авторлор: «Бактылуулук-ийгилик байланышы тыкыр: тагыраагы, бактылуу адамдар ийгиликке жетет, же тескерисинче, ийгиликтүү адамдар бактылуу болот», — деп ырасташкан. Бактылуулук көптөгөн ийгилик алып келерин көрсөттү. Ошентип, бактылуулук менен ийгилик тең катар экенин аныктаган.

Андай болсо мыйзам ченемдүү суроо туулат: биринчи кезекте кайсынысы болот, бактылуулук же ийгилик? Бул — «тоок биринчиби же жумуртка биринчиби?» деген жообу жок табышмакка окшош.

Эгерде бактылуулук биринчи орунда болсо, анда ийгиликке жетүүдөн мурун кантип бактылуу болууну ойлонушуңуз керек. Экинчи жагынан карасак, ийгилик бактылуулуктан мурда турушу мүмкүн дейли. Анда бактылуу болуу үчүн эмне кылуу керек? Бактылуу болуу үчүн сөзсүз ийгиликке биринчи жетүү керекпи? Бирок дүйнөдө миллиондогон адам бул көз карашка макул болбошу мүмкүн, анткени ийгилик дайыма эле бактылуулукка кепилдик бере албайт. Жер үстүндө өзүн бактылуу деп эсептеген миңдеген адам бар, бирок алар сөзсүз түрдө ийгиликке жеткен эмес. Ошондой эле ийгиликтүү адамдардын көбү дагы эле кантип бактылуу болууну чечүүгө аракет кылып жашап жатышат.

Бул эки түшүнүк бири-бири менен кантип байланышат? Мына ошол маселени карап көрөлү.

Көпчүлүгүбүз өмүр бою бактылуу жашоого умтулабыз. Тилекке каршы, ага жетпей өтүп кеткендер да болушу мүмкүн.

Көпчүлүгүбүз үчүн бактылуулук — эңсөө жана кыял. Бактылуулук балким биз бир күнү жете турган жердеги сезимби? Бирок биз түшүнө албаган нерсе, бактылуулук — көздөп жете турган жер эмес, акыл-эстин абалы.

Анан да бактылуулук статикалык абал эмес. Эң бактылуу адамдардын да кээде маанайы түшкөн учурлары болот. Норриш жана Велла-Бродрик (2008): «Бактылуулукка умтулуу пайдалуубу же жокпу?» деп изилдешкен. Бактылуулукка умтулуу жана бакубат жашоо түшүнүктөрү — көптөн бери талкууланып, талаш жаратып келаткан жагдай.

Адамдар барган сайын бактылуу болуунун жаңы жолдорун издеп жатышат. Бул багытта көптөгөн китептер жазылганы кызыгуу өсүп жатканынан кабар берет.

Бактылуук менен ийгиликтин кандай айырмасы бар?

Бактылуулукту аныктоо оңой иш эмес. Аны ар ким ар кандай кабыл алат. Кээ бир адамдар бакытты жупуну жана майда нерседен да таба алышат. Башка адамдар бактылуулукту чоң нерсе деп эсептеши мүмкүн.

Психологиялык изилдөөлөр бактылуу адам деп кызыгуу, кубаныч, сыймыктануу сыяктуу позитивдүү эмоцияларды көбүрөөк, кайгы, тынчсыздануу сыяктуу терс эмоцияларды азыраак сезгендерди аныктайт (Lyubomirsky et al., 2005).

Бактылуулук жашоодон канааттануу, жашоону баалоо жана ырахат алуу учурлары менен байланыштуу. Жалпысынан алганда, бактылуулук сезимдин оң тажрыйбасына көз каранды.

Norby (2013) жагымдуу ой жүгүртүүнүн пайдасын айтып, стресске каршы күрөшүп, бактылуулук абалына кантип жете аларыбызды көрсөтөт. Norby биздин акылыбызды жана мээбизди сахнадагы актёрлорго салыштырат. Ал актёрлор сиздин эмне жөнүндө ойлонуп жатканыңызга жана мүмкүнчүлүккө кантип жетүүңүзгө таасир этет.

«Бакыттын артыкчылыгы» китебинин автору Шон Ахор (Shawn Achor) эксперимент жасап, бир топ адамга оң психологиялык тренинг өткөргөн. Андан соң, жыйынтыгын баалоо үчүн байкоо жүргүзгөн. Изилдөө көрсөткөндөй, тренингге катышкандар кыска убакыттын ичинде катышпагандарга караганда жашоодон алда канча көбүрөөк канааттануу алганын көргөзүп, стресс жагдайлар азыраак болгонун ырастады.

Эң маанилүүсү, жөн гана акча же байлык жактан ийгиликке жетүү эмес. Адамдар жашоонун башка тармактарында, мисалы, сүйүү жана мамиле, ден соолук жана башка тармактарда да ийгиликке жетет. Демек, ийгилик байлык менен бийлик менен гана ченелбейт.

Ийгилик жөнүндө белгилүү адамдардын айтканын талдап көрөлү:

Барбара Буш ийгилик үй-бүлөдөн баштап чоочун адамдарга кандай мамиле кылганыбызга байланыштуу деп аныктаган.

Альберт Швейтцер ийгиликти сүйүү деп белгилеген.

Zappos компаниясынын башкы директору Тони Хсиё ийгиликтин баары сиздин баалуулуктарыңызга ылайык жашоодо экенин айтат.

Жазуучу Майя Анжелоу ийгиликти эмгектен ырахат алуу деп эсептеген.

Миллиардер Ричард Брэнсон ийгилик башкалар менен болгон мамиле экенин билдирген.

Томас Эдисон ийгилик мээнет менен аракеттин айкалышы экенин, ийгилик 1% эргүү жана калган 99%ы мээнет жана тер болорун айткан.

Ийгиликтин эң жакшы аныктамасын автор Стивен Кови чыгарган. Тагыраагы, «Ийгилик — терең жеке мааниде. Эгер сиз акыркы сапарга узатуу учурунда сиз жөнүндө эмнени айтышканын кааласаңыз, ошол ийгиликтин аныктамасы болушу мүмкүн», — деген.

«Адам өлүм алдында жашоо жана ийгилик жөнүндө кандай ойлошу мүмкүн?» деген мисалды ойлосо, демек, ошол ийгиликтин эң жакшы белгиси болушу мүмкүн.

Кайсынысы маанилүү?

Чын-чынына келгенде, ийгилик жана акча байлыгы сөзсүз түрдө бактылуулукка жана коопсуздукка тете эмес. Эгер сиз акча табуу жагынан абдан ийгиликтүү, бирок жашооңузда бактысыз болсоңуз, бул сизге бакыт деңгээлиңиз боюнча көп деле жакшылык алып келбейт.

Башка жагынан алганда, сиз жеке жашооңузда же мамилелериңизде укмуштуудай бактылуу, бирок дагы эле ийгиликке жетпей, каржылык жактан кыйналып жаткан болушуңуз мүмкүн.

Бул көрсөткүчтөрдүн экөө тең кандайдыр бир мааниде өз ара байланышта. Бактылуулук сиздин ийгилигиңиздин деңгээлине таасир этет жана ийгилик деңгээлиңиз сиздин бакытыңызга таасир этет.

Ийгилик бактылуулук менен канааттанууну алып келеби?

Маркетолог жана ийгиликтин талдоочусу Ричард Сент Жон ийгилик бир тараптуу көчө эмес, туруктуу саякат деген идеяны айтат. Ошондой эле ийгиликке жетүү түшүнүгүн айтып, анан адам ошол ийгилик чекитине жеткенде иш токтоп калбашы керектигин белгилеп, ийгиликтүү болуу үчүн дайыма жаңы идеялар, жаңы энсөө-кыялдар жаралууга тийиш экенин билдирет. «Ийгиликтин туу чокусуна жетип, токтоп калсаң – ийгиликти уланта албайсың», — дейт.

Ар бирибизге жаш кезибизде жашоодо ийгиликтин белгилүү этаптарына жетүү маанилүү экенин үйрөтүшкөн. Биз мектепте жакшы окууга, анан коллежге тапшырып, престиждүү кесипке ээ болууга, анан туура үй-бүлө курганга аракет кылабыз. Бул бакытка жана ийгиликке умтулуу өмүр бою уланат.

Жогоруда айтылгандардын ар бири бизди бактылуу кылат деген туура эмес түшүнүк бар. Чындыгында, ал нерселер биздин бакыт деңгээлибизге эч кандай тиешеси жок болушу да мүмкүн.

Чынында, биз жеке максаттарыбызга жетебиз жана бир аз убакытка бактылуу болобуз. Ошентип, турмуштан ырахат алуу үчүн же ийгиликтин дагы жогорку деңгээлине жетүү үчүн жаңы максаттарды коюшубуз керектигин түшүнөбүз.

Мунун баары суроо туудурат: ийгилик бактылуулук менен канааттанууну алып келеби?

Биздин жетишкендиктерибиздин өзүнчө белгиленген чеги бар. Биз аларга жеткенде өзүбүздү бактылуу сезебиз, бирок бул бакыт көпкө созула бербейт. Бир шарт аткарылгандан кийин, биз кийинки максатты издеп баштайбыз.

Биз түшүнүшүбүз керек, бактылуулук – максаттарды коюу жана аларга жетүү эмес, өзүбүздүн ичибизден жана күнүмдүк жашообуздан ырахат табуу.

Эми сиз чындап эле «ийгилик бактылуулукту жаратпайт, бирок бактылуулук ийгиликти жаратат» деп ойлой баштасаңыз болот.

Чексиз бактылуу болгондор позитивдүү маанайы жана энтузиазм менен ийгиликке жетиши мүмкүн. Ошентип бактылуу болуу үчүн эмнелерди колго алуу керек?

Ыраазычылык билдирүү жана канааттануу бактылуулукка жана кубанычка алып барышы мүмкүн. Ден соолугуңуз, балдарыңыз, үйүңүз, жадагалса жей турган тамагыңыз бар экени сыяктуу көптөгөн нерселерге ыраазы болуу керек.

Жашоодогу жакшы нерселер жөнүндө ойлонуп, жолдо баратып, атыр гүлүн ырахат алып жыттоо үчүн убакыт таап токтоо өзүңүздү бактылуу сезүүгө жардам берет.

Мээңизди активдүү иштетип, өзүңүздү дайыма тонуста кармоочу жумуш менен алектенүү — дагы бир жакшы кеңеш. Жаңы тилди, музыкалык аспапта ойногонду, жадагалса йоганы үйрөнүү мээдеги табигый эндорфиндерди же жакшы сезүүчү химиялык заттарды активдештирүүгө жардам берет. Өзүңүздү сынап, татаал нерсени жасоого аракет кылуу — бактылуулуктун жышааны.

Күчтүү байланыштарды түзүп, башка адамдар менен байланышуу сиздин жашооңуздагы бакыт жана канааттануу деңгээлиңиздин ажырагыс бөлүгү.

Телефон аркылуубу же түздөн-түз жолугуп байланышуу болобу, адамдар менен мамиле кылуу өзүңүздү жакшы сезүүгө жардам берет.

Ишти эртеңкиге калтырбаганга аракет кылуу да пайдалуу. Жумушту убагында бүтүрүү сизге өзүңүздү активдүү сезүүгө жардам берет. Ишти бүтүргөндөн кийин, сиз өзүңүздү бактылуу сезүүгө жардам бере турган кадам жасаганыңызды сезесиз.

Эч качан үйрөнүүнү же кызыкканды токтотпоңуз! Жаңы китеп окуу, даректүү тасма көрүү же маңыздуу баарлашуу өзүңүздү жакшы сезүүгө, жаңы тажрыйбага даяр болуу деңгээлиңизди жогорулатууга жардам берет. Жаңы нерселерди сынап көрүү кызыктуу жана дем берүүчү болушу мүмкүн.

Жакын адамдарга сүйүүбүздү көрсөтүү да маанилүү. Америкалык атактуу терапевт Виржиния Сатирдин айтымында, ар бирибиз чың ден соолукта жашоо үчүн күнүнө төрт жолу кучакташышыбыз керек! Күнүнө сегиз жолу кучакташсак, демек сергек жашап, күнүнө он эки жолу кучакташсак, өсүп-өнүгөт экенбиз. Демек, кучакташуу стрессти азайтып, маанайыңызды көтөрө турган окситоцинди бөлүп чыгарат.

Боорукерликти өнүктүрүү да маанилүү. Башкалардын жашоосуна жана окуяларына кызыккандар, адатта, өздөрүн гана ойлогондорго караганда бактылуураак болушат. Бейтааныш адамдарга же сиз сүйгөн адамдарыңызга кокусунан бир аз жакшылык кылууга аракет кылыңыз, бул сизге кандай сезим жаратканын байкаңыз.

Мамилелериңизди чыңдоо да бактылуу болушуңуз үчүн маанилүү. Гарвард университетинин 268 студентинин 80 жыл боюн болгон изилдөөсүндө жашоонун ар кандай аспектилерин жашоо образынан саясий көз караштарга чейин талдап чыгышкан. Гарварддын студенттерине 1938-жылы чоң депрессия учурунда байкоо жүргүзө башташкан. Изилдөө аркылуу бактылуу жана сергек жашоого жардам берүүчү фактыларды аныкташкан. Изилдөөнүн жыйынтыгында адамдардын канчалык бактылуу экени алардын башкалар менен болгон мамилесине байланыштуу болуп, ден соолукка абдан күчтүү таасир этери анык болгон.

Демек, жакын мамилелер акча же атак-даңктан да пайдалуу экенин билдирип, мамилелер адамдарды өмүр бою бактылуу кылат.

Башка адамдар менен болгон бул маанилүү байланыштар бизди жашоодогу терс нерселерден коргоого жардам берет. Ошондой эле бизди психикалык жана физикалык жактан начарлоодон коргойт.

Бул мамилелер биздин бакыт жана жыргалчылыгыбыз үчүн маанилүү экенин көрсөтүп турат. Эң жакшы мамилеңизди өркүндөтүүнү адатка айлантып, сизге оорчулук жараткан же зыян алып келген мамиледен арылуу жакшы жашоого жардам берет (Cherian, 2018).

Бактылуулукту куруу дептери

Бактылуулукту куруунун көптөгөн жолдору бар. Булар жөнөкөй нерселердей сезилиши мүмкүн, бирок бактылуулук деңгээлиңизге келгенде чоң айырмачылыкты жаратат.

Кызматка көтөрүлүү, жаңы мамиле түзүү же лотереяда утуп алуу бактылуулукка келгенде убактылуу гана түрткү берет. Ар биринин чеги же белгиленген чекити бар. Бактылуулуктун туруктуу деңгээлин сактоо бир аз күч-аракетти талап кылат.

Ыраазычылык — эң сонун тажрыйба. Күн сайын ыраазы болгон үч нерсени жазып көрүңүз. Бул жөнөкөй күнүмдүк нерселер же чоң нерселер болушу мүмкүн.

Иши кылса күн сайын бир нерсени кагазга түшүрүү керек. Эң жаман күндөрүңүздө да ыраазычылык билдирүүлөрдү жазуу, жашооңуздун оң жактарына көңүл бурууга жардам берет.

Боорукерлик — бул дагы бир керек нерсе. Эч себепсиз эле бирөө үчүн жакшы нерсе жасоого аракет кылыныз. Ал өзүңүздү жакшы сезүүгө жардам берет. Жөнөкөй бир боорукерлик бүт күнүңүздү кандайча өзгөртөрүнө таң калышыңыз мүмкүн.

Физикалык жактан активдүү болуу сиздин энергияңызды жогорулатууга, иммундук системаңызды көтөрүүгө жана ийгилик сезимин тартуулоого жардам берет. Бул ошондой эле уйкусуздукту азайтат, мээнин өсүшүн шарттайт жана антидепрессант катары иштейт. Кийинки жолу сейилдөөгө же велосипед тебүүгө аракет кылыңыз.

Медитация да коркунуч менен тынчсыздануу сыяктуу сезимдерден арылтып, позитивдүү эмоция алып келет. Үзгүлтүксүз сүкүт (медитация) чалгандар бактылуулукту мээсине сиңирип, жашоосуна бакыт кура алат.

Дептерге позитив жазууга убакыт бөлүү да бактылуулукту көбөйтөт. Жашооңуздагы бактылуу окуялар жөнүндө жазуу же досторуңуз менен өткөргөн жакшы күн жөнүндө жазуу жагымдуу жагдайларга көңүл бурууну адатка айлантууга жардам берет.

Күчтүү социалдык байланыштар жана мамилелерди бекемдөө да өзүңүздү бактылуу сезүүгө жардам берет.

Үй-бүлө же достор менен өткөрүүгө убакыт бөлгөн адамдар бактылуулуктун эң жогорку деңгээлин көрсөтүшөт. Эгер кимдир бирөө менен жеке убакыт өткөрө албасаңыз, телефонду алыңыз да дароо чалыңыз же электрондук кат жөнөтүңүз. Сиз жакшы көргөн адамдар менен убакыт өткөрүүдөн күчтүү эч нерсе жок.

Бакыт жана ийгилик тууралуу 10 ой-пикир:

Биз эмнени ойлогонубуз бизге эмне болорун аныктайт, андыктан жашообузду өзгөрткүбүз келсе, акылыбызды өстүрүүбүз керек. Уэйн Дайер

Жашоосунда ийгиликсиз адамдардын көбү — максаттан баш тарткандар, ийгиликке ушунчалык жакын барып, кайра кайтканын сезбегендер. Томас Эдисон

Жашоо чындыгында жөнөкөй, бирок биз аны татаалдаштыра беребиз. Конфуций

Бүгүн жашоо – сен ишенген жалгыз жашоо. Бүгүнкү күндү болушунча мыкты пайдалангыла. Бир нерсеге кызыккыла. Ойгонгула. Хобби өнүктүргүлө. Силерде энтузиазм шамалы согуп турсун. Бүгүн суктануу менен жашагыла. Дейл Карнеги

Ийгиликтин сыры — оору жана ырахат сизди колдонгондун ордуна, аларды кантип колдонууну үйрөнүү. Эгер муну кылсаңыз, жашооңузду башкарасыз. Антпесеңиз, жашоо сизди башкарат. Тони Роббинс

Бактылуулук бизде эмне бар экенине көз каранды эмес, бирок ал биздеги бар нерсеге кандай сезимде экенибизден көз каранды. Адам аз менен бактылуу, көп нерсе менен бактысыз болушу мүмкүн. Вильям Хоард

Бактылуу жашоону кааласаңыз, аны адамдарга же нерселерге эмес, максатка байлаңыз. Альберт Эйнштейн

Ийгилик бакыттын ачкычы эмес, бакыт ийгиликтин ачкычы болуп саналат. Эгерде сиз өз ишиңизди сүйсөңүз, анда ийгиликке жетесиз. Альберт Швайцер

Ким экениң менен бактылуу болмоюнча, колуңда бар нерсеге эч качан ыраазы болбойсуң. Зиг Зиглар

Сиздин ийгилигиңиз жана бакытыңыз — сизде гана. Бактылуу болууга чечкиндүү болуңуз, ошондо кубанычыңыз менен кыйынчылыктарга каршы жеңилгис кошуун түзөсүз. Хелен Келлер

Ийгилик — сиз каалаган нерсеге жетишүү; бактылуулук — сизде болгон нерсени каалоо. Ингрид Бергман

Соңку сөз ордуна 

Бактылуулук менен ийгилик кандайдыр бир мааниде бири-бири менен байланышкан. Бактылуулук сиздин ийгилигиңиздин деңгээлине таасир этет жана ийгилик деңгээлиңиз сиздин бактыңызга таасир этет.

Көбүбүз алдыга умтулууга ушунчалык бел байлагандыктан, учурда бактылуу экенибизди унутуп калабыз.

Жөн гана сейилдөө жана жаратылыштан ырахат алуу үчүн убакыт тапсак болот. Досуңузга жолугуп, кучакташып учурашып, чай ичип отурсаңыз болот.

Сиз өзүңүздүн жашооңузга баа берип, өзүңүздүн кимдигиңизди билген үчүн абдан бактылуу экениңизди түшүнө аласыз.

Ар дайым эле буюмдар же башка нерселер бизди бактылуу кыла бербейт. Мамилелер бизди бактылуу сездире бербейт, эгерде биз ошол бакытты ичибизде сезе элек болсок.

Бакыт менен ийгиликтин ортосундагы мамилеге келгенде, «ийгилик — биз умтулган нерсе, ал эми бакыт — биз ээлик кылган нерсе» деп ойлойбуз.

Боем жана Любомирский (2008) бакыт менен ийгиликтин ортосундагы байланышты көрсөткөн. Мисалы, бактылуу адамдар бактысызыраак теңтуштарына салыштырмалуу көбүрөөк акча табышат. Бактылуу адамдар ошондой эле эң жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп, көбүрөөк пайдалуу иштерди жасашат. Биз көзөмөл кыла турган бир гана нерсе — биздин маанайыбыз. Бакыт ийгиликти тартат деп ишенесизби же жокпу, бакытты тандоо — сиз күн сайын кыла турган аракет.

Которгон: Дүйшөн Шаматов, Назарбаев университетинин профессору

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM