Биз менен байланышыңыз

Саат 14:00гө карата шайлоого катышуу 16% болду

Кыска кабар | 28 Ноя 2021 | 484 | 0

Бүгүн, 28-ноябрь саат 14:00гө карата бирдиктүү шайлоо округдары боюнча 602 миң 432 шайлоочу добуш берди. Муну менен шайлоого катышуу 16,27 пайызды түздү.

Бул тууралуу БШКнын Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун жетекчиси Тынчтык Шайназаров брифингде кабарлады.

Аймактар боюнча алганда:

Бишкек шаарында — 66 миң 869 (15,34%),

Ош шаарында — 28 миң 192 жаран (18,1%),

Жалал-Абад облусунда — 116 миң 284 (16,99%),

Ысык-Көл облусунда — 48 миң 366 (15,35%),

Нарын облусунда — 39 миң 108 (18,94%),

Ош облусунда — 129 миң 039 (17,39%),

Талас облусунда —  29 миң 949 (18,05%)

Чүй облусунда — 87 миң 94 (14,24%)

Баткен облусунда 54 миң 811 (17,91 %) жаран шайлоого катышты. Шайлоочулардын тизмесине жалпы 3 млн 703 миң 420 жаран киргизилген.

Ал эми бир мандаттуу шайлоо округдарында 593 миң 315 шайлоочу (16,39%) добуш берди. Бир мандаттуу округдардагы шайлоочулардын саны 3 млн 619 миң 292ни түзөт.

Чет өлкөлөрдө тизмеге кирген 84 миң 128 жарандын ичинен 2 миң 720 (3,23%) адам добуш берди.

Copyright © 2017 Maral FM