Биз менен байланышыңыз

Саат 12:00гө карата шайлоого катышуу 9,17 пайызды түздү

Кыска кабар | 28 Ноя 2021 | 559 | 0

Кыргызстанда түшкү саат 12:00гө карата 339 миң 785 жаран добуш берди.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун жетекчиси Тынчтык Шайназаров брифингде кабарлады.

Муну менен шайлоого катышуу 9,17 пайызды түздү. Шайлоочулардын тизмесине жалпы 3 млн 703 миң 420 жаран киргизилген.

Аймактар боюнча алганда катышуу эң көп Ош облусунда болду, пайыз менен алганда 10,94%.

Бишкек шаарында — 36 миң 794,

Ош шаарында — 17 миң 37,

Жалал-Абад облусунда — 69 миң 58,

Ысык-Көл облусунда — 25 миң 915,

Нарын облусунда — 20 миң 623,

Ош облусунда — 73 миң 213,

Талас облусунда — 15 миң 941,

Чүй облусунда — 47 миң 769,

Баткен облусунда 31 миң 917 шайлоого катышты.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, чет жердеги тилкелерде 1518 мекендеш добуш берди. Муну менен Кыргызстандан сырткаркы шайлоочулардын катышуусу 1,8 пайызды түздү.

Copyright © 2017 Maral FM