Биз менен байланышыңыз

Руслан Казакбаев Түркмөнстандан добуш берди

Кыска кабар | 28 Ноя 2021 | 216 | 0

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркмөнстандагы элчиликте ачылган №9011 шайлоо тилкесинен добуш берди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Айта кетсек, бүгүн, 28-ноябрда Түркмөнстанда Экономикалык Кызматташтык Уюмунун XV саммити өтөт. Ага катышуу үчүн Кыргызстандын өлкө башчысы Садыр Жапаров да жөнөп кетти.

Президентти тосуп алуу, саммитке катышуу иштерин көзөмөлдөө максатында Руслан Казакбаев кечээ, 27-ноябрда Ашхабад шаарына барган.

Бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жүрүп жатат. Жаңы Башмыйзамга ылайык, парламент 90 депутаттан туруп, анын 54ү партиялык-преференциалдык тандоо менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM