Оштогу Төлөйкөн айылдык шайлоо участкасында электрондук урна бузулду. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз билдирди.
Кабарчынын айтымында, 20 мүнөткө жакын убакыттан соң гана оңдолуп, кайра ишке берилген. Учурда урна иштеп, эл добуш берүүдө.
Эске салсак, бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Жаңы Башмыйзамга ылайык, парламент 90 депутаттан туруп, анын 54ү партиялык-преференциалдык тандоо менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланып келет.