Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров: Кумтөр боюнча отчетту жылдын аягында беребиз

Кыска кабар | 28 Ноя 2021 | 516 | 0

«Кумтөрдү» Кыргызстан көзөмөлгө алгандан бери 6 тоннадай кен казылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Маралдын» кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

«Мен азыр сиздерге так көлөмүн айта албайм. Болжолдуу 6 тоннадай кен казылды. Бирок бул алтын маселеси болгондуктан кенден алынган куймалардын унциясы, граммынан бери так айтышыбыз керек. Ошондуктан бул тууралуу жылдын аягында отчёт берип жатканда так айтабыз. Ишкананын жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүк менен ЖМКлар үчүн маалымат жыйын өткөрүп «Кумтөр» боюнча отчёт беребиз», — деп кошумчалаган Акылбек Жапаров.

Ошондой эле «Кумтөр» салыктарды мамлекеттик казынага өз убагында төлөп жатканын да белгилеп өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM