Биз менен байланышыңыз

Марат Иманкулов: Эч бир талапкерге тоскоолдук жаралбайт

Кыска кабар | 28 Ноя 2021 | 452 | 0

Бүгүн, 28-ноябрда эртең мененки саат 08:00гө карата коомдук абал тынч. Бардык күч органдары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов маалымат жыйында кабарлады.

Ал добуш берүү күнү коомдук коопсуздук толук сакталарын билдирди.

«Буга чейин бир партиянын өкүлү шайлоого катыша албай, экинчисине уруксат берилбей, же бирине талапкер болуп, экинчиси катышпай калган учурлар болгон, бирок алардын толук укугу бар. Биз таза шайлоо өткөрүүнү каалайбыз. Эч бир талапкерге тоскоолдук кылбай, баарына бирдей шарт түзөбүз. Добуш берүү тилкелери жабылганга чейин керек болсо, өзүбүз келип, тийиштүү мамлекеттик органдар маалыматты ыкчам берип турабыз. Бурмаланбаган маалыматтарды берип турабыз», — деди Иманкулов.

Анын айтымында, бардык күчтөр бардык шайлоо участкаларында коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууга багытталат. Айрыкча шайлоо участкаларында мурдагыдай башаламандык болушуна жол берилбейт.

Коопсуздук кеңешинин катчысы акыркы эки күндө добуш сатып алуу аракети күчөгөнү байкалганын кошумчалады. Буга байланыштуу талапкер шайлоочуну сатып алуу аркылуу парламентке келсе, андан жакшылык күтпөө керек.

«Ошондуктан жарыбаган акчага добушуңарды сатпагыла. Келгиле, таза шайлоо өткөрөбүз», — деп чакырды Иманкулов.

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо башталды. Добуш берүү кечки саат 20:00дө токтотулат.

Жаңы мыйзамга ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет.

Партиялык ачык тизме менен шайлоого 21 партия, бир мандаттуу округдан 287 талапкер катышууда.

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо башталды

Copyright © 2017 Maral FM