Биз менен байланышыңыз

УКМК: Элиза Дюшембиеванын жолдошу акча таратуу учурунда кармалды

Кыска кабар | 27 Ноя 2021 | 3102 | 0

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Дюшембиева Элиза Бакытовна тарабынан шайлоочуларды сатып алуу фактысы аныктады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренесинин 2-бөлүгү менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

24-ноябрда ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, аталган партиянын каттоодо турбаган 8 үгүтчүсүнө Ырысбек Тойбеков (Дюшембиеванын күйөөсү) тарабынан Ысык-Ата районунун тургундарынын добуштарын сатып алуу үчүн 40 миң сом берилгени аныкталды.

Тойбековдун мыйзамсыз иштерин эсепке алуу, документтештирүү жана бөгөт коюу максатында, 27-ноябрда Ысык-Ата районунун Ивановка айылынын аймагынан Тойбеков 30 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын берип жаткан жеринен кармалды, жеке буюмдарын кароо учурунда «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын талапкерлеринин үгүт баракчалары табылган.

Учурда ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM