Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: Кызматкерлер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Кыска кабар | 27 Ноя 2021 | 450 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кызматкерлер Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнүнө карата күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, бүгүн, 27-ноябрда өлкө аймагындагы 2 миң 435 шайлоо тилкесиндеги коопсуздук текшерилип, шайлоо комиссияларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле ар кандай кырдаалда даяр туруу үчүн 200 атайын техника, 2 миң кызматкер өзгөчө режимде иш алып барат. Бардык тилкелерге атайын куткаруучулар бөлүнүп, жеринде көзөмөлдөп жатышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM