Биз менен байланышыңыз

УКМК: Таалайбек Дайырбековдун өкүлү акча таратуу учурунда кармалды

Кыска кабар | 27 Ноя 2021 | 264 | 0
Сүрөттө: талапкер Таалайбек Дайырбеков жана штабынан табылган акчалар

Жогорку Кеңештин депутаттыгына №29 Свердлов округунан талапкер Таалайбек Дайырбековдун ишенимдүү өкүлү шайлоочуларды сатып алуу үчүн акча таратып жаткан жеринен колго түштү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, айтылган жаран талапкердин штабында бейрасмий кызматкер катары иш жүргүзүп, ири суммадагы сый акы берүү убадасы менен айрым адамдарды үгүт иштерине мыйзамсыз тартып келген.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренесинин 2-бөлүгү (шайлоочуларды сатып алуу) менен катталып, иликтөө жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында ишенимдүү өкүл кечээ, 26-ноябрда акча таратып жаткан жеринен кармалган.

Ошол эле учурда штаб катары пайдаланган жайды текшерүү учурунда шайлоочулардын тизмеси, ири суммадагы акча табылган.

Учурда бул фактыга катышы бар башка адамдар да иликтенип, кармалган адам сурак берип жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM