Биз менен байланышыңыз

Бүгүн кышкы туристтик мезгилдин ачылышы өтөт

Кыска кабар , Спорт | 27 Ноя 2021 | 414 | 0

Бүгүн, 27-ноябрда кышкы туристтик мезгилдин ачылышы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Туристтик мезгилдин ачылышына карата «Каракол» тоо лыжа базасында атайын иш-чара уюштурулган. Анда бир катар спорттук мелдештер, оюн-зоок программалары орун алат.

Иш- чара жергиликтүү калкты жана чет элдик туристтерди кышкы туризмге активдүү тартуу максатын көздөйт. Ошондой эле жаштарды спортту сүйүүгө чакыруу, достук жана ынтымакты, өлкөнүн ажайып кооз аймактарын көрсөтүү аркылуу Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн даңазалоого багытталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM