Биз менен байланышыңыз

(PR) Аккулу Бердиев тууралуу саясатчы Адахан Мадумаровдун пикири

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан ЖК депутаттыгына талапкер Аккулу Бердиев кен казуу тармагындагы көйгөйдү көтөрүп, чечүү жолдорун издегендердин бири. Мындай пикирин партия лидери Адахан Мадумаров Чоң-Алай районундагы шайлоочулар менен жолугушууда айтты.

“Биздин курамда мамлекеттин куржунуна, элдин чөнтөгүнө кол салбай турган инсандар чогулганбыз. Кыргызстандагы эң маанилүү болгон ар кайсы тармактагы өкүлдөрүбүз бар; айыл чарба, медицина, билим берүү, кен казуу тармагы. Мына ошол кен казуу тармагы, ошондой эле Чон-Алай районундагы бийик тоолуу айылдардын шартын жана көйгөйлүү маселелерин көтөрүп жаткан талапкерибиз, азыркы учурдагы ЖК депутаты — Аккулу Бердиев бар” – деп билдирген “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров.

Аккулу Бердиев — №2 “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан №15 талапкер!

Ыйман! Мыйзам! Тазалык!

Аткаруучу: «Марал ТВ» ТРБК» ЖЧКсы. Дареги: Бишкек ш., Фрунзе көч. 387

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү М. Ш. Полотовдун тескөөсү менен «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 25-ноябрь, 2021-жыл.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM