Биз менен байланышыңыз

Тарыхта биринчи жолу уюлдук телефондордун музейи ачылды

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Ноя 2021 | 1366 | 0

Дүйнө тарыхында алгачкы ирет уюлдук телефондордун интернет-музейи ачылды. Бул тууралуу hi-tech маалымат булагы жазды.

Уюлдук телефон музейин ачуу идеясын 2004-жылы CCS Insight изилдөө компаниясынын кызматкери жана башкы серепчиси, коллекционер Бен Вуд ойлоп тапкан. 2019-жылы дагы бир коллекционер Мэтт Чаттерли экөө биргелешип иштеп, 2020-жылы чакан топ менен уюм түзгөн. Пандемияга байланыштуу музей ачуу демилгеси бир жылга жылып, ушул учурга туш келгенин маалымдайт hi-tech басылмасы.

Долбоордун авторлору уюлдук телефондор көбүнчө белекке берилерин, аны дароо электрондук каттоого алып, сүрөткө тартып, коопсуз сактагычка көчүрүп коюшарын айтып беришкен. Алар белгилегендей, бул долбоор мобилдик технологиянын мурасын сактап калууга жана өнөр жайдын өсүшүнө өбөлгө болууга багытталган.

Учурда интернет-музейдин коллекциясында 1984-жылдан бүгүнкү күнгө чейин ар кандай компаниялар чыгарган уюлдук телефондордун 2 миңден ашык жеке модели бар. Сайттан сиз сүрөтүн көрүп гана тим болбой, ар бир моделдин өзгөчөлүктөрүн жана жаралуу тарыхын да окуй аласыз.

Уюлдук телефондор музейин mobilephonemuseum.com сайтынан көрүүгө болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM