Биз менен байланышыңыз

УКМК: Талапкер Бекболот Арзибаев каржылык мыйзам бузган

Кыска кабар | 25 Ноя 2021 | 400 | 0

№7 Ош округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Бекболот Арзибаевдин шайлоо мыйзамын бузганы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Айтылган факты боюнча түшүндүрмө берүүчү үчүн талапкер бүгүн, 25-ноябрда УКМКнын Ош облустук бөлүмүнө суракка чакыртылган.

Такталгандай, Бекболот Арзибаев үгүт өнөктүгү маалында өзүнүн ишенимдүү адамдарын жана үгүтчүлөрүн шайлоо фондунан тышкаркы акчадан каржылаган.

Учурда тергөө-иликтөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM