Биз менен байланышыңыз

Талапкер Өмүрбек Бакировдун өкүлдөрү добуш сатып алууга шектелүүдө

Кыска кабар | 25 Ноя 2021 | 426 | 0

Ноокат районунда шайлоочуларды сатып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 7-ноябрда №4 Көк-Жар округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Өмүрбек Бакиров Жаңы-Ноокат айыл аймагына үгүт жүргүзүү учурунда жергиликтүү тургундарга таза суу чыгарып, жолду оңдотууга убада берген.

Эки күндөн кийин, тагыраагы, 9-ноябрда айылдын 57 жаштагы тургунуна таандык кампага жалпы баасы 149 миң сомду түзгөн 30 тонна цемент түшүрүлгөн.

«Үгүт штабынын жетекчиси Г.Х. жана шайлоо тилкесинин төрагасы Н.Ф. жергиликтүү тургундарды чогултуп, алардын жардамы менен кампага цемент түшүргөн. Жергиликтүү тургундарга бул депутаттыкка талапкердин атынан экени айтылып, шайлоо күнү  ушул адамга добуш берүүгө үгүт жүргүзүшкөн», — деп айтылат маалыматта.

Бул факт боюнча иш ачылып, Жазык кодексинин 42-беренеси (кылмышка кошо катышуу), 192-беренеси (шайлоочуларды сатып алуу) менен иш козголгон.

Ошондой эле талапкерге карата «административдик ресурсту пайдалануу» боюнча иш ачылып, материалдар сотко жөнөтүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM