Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан хоккей боюнча Дүйнө чемпионатын өткөрөт

Кыска кабар , Спорт | 25 Ноя 2021 | 461 | 0

2022-жылы хоккей боюнча Дүйнө чемпионаты Кыргызстанда өтөт. Бул маалымат министр Азамат Жаманкулов менен федерациялардын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда айтылды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Эл аралык хоккей федерациясынын виц-президенти Айваза Оморканов жана Кыргызстан хоккей федерациясынын президенти Анвар Омокановду кабыл алды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Айваза Оморканов 2022-жылдын март айында Кыргызстан тарыхында алгачкы жолу хоккей боюнча Дүйнө чемпионаты өтөрүн билдирди. Мунун алкагында Эл аралык хоккей федерациясынын кеңешинин III отуруму өтүп, ага Франциянын дүйнөгө белгилүү хоккейчиси Люк Тардиф сыяктуу атактуу спортчулар келет.

Министр Жаманкулов чемпионатты өлкөнүн мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен болушунча жогорку деңгээлде өткөрүп алуу үчүн жардам көрсөтөрүн белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM