Биз менен байланышыңыз

Блогерден унаа белек алган Эгем Апсаматов: Кардарларды көп жолу акысыз жеткиргем

Блог | 25 Ноя 2021 | 12338 | 1

Орусиянын Москва шаарында такси айдап эмгектенген кыргызстандык Эгем Апсаматов орусиялык белгилүү блогерлерди акысыз жеткирип, жыйынтыгында унаа белек алган видео социалдык тармактарда кызуу талкууланууда. Анда орусиялык блогер Гусеин Гасанов айткан жерине акысыз жеткире турган такси издеген. Көпчүлүк таксилер алардын суранычын четке кагып, акырында кыргызстандык таксист гана буга макул болгон. Блогер таксисттин бул жакшылыгын баалап, ага салондон жаңы автоунаа белек кылган. «Марал» радиосу Эгем Апсаматов менен байланышып, окуя тууралуу маектешти.

-Социалдык тармакта видеоңуз тарап жатат, белек сизге экенин укканыңызда кандай сезим болду?

— Гусеин Гасанов деген таанымал блогер экен, мен аны буга чейин тааныбайт элем. Ал блогерге капыстан туш болуп, ушинтип машиналуу болуп калдык. Биринчи укканда бир күн ишенбей, үйгө алып келип токтоткондон кийин да ишенбей жүрдүм. Кечээ ишенип баштадым, чындап эле машина меники экен деп…

— Блогерди бекер жеткиргенге эмнеге макул болдуңуз? Буга чейин да ушул сыяктуу окуялар болгонбу?

— Блогерди жеткиргенимдин себеби, алардын бара турган экинчи точкасы кыпкызыл болуп күйүп туруптур. Аны таксиде иштеп жүргөндөр жакшы билет. 20 мүнөттө жетет экенбиз, ошол жакка жеткирсем, жакшы бир 1000 рублдик заказдардан түшүп калабы деген максатта эле отургула дедим. Буга чейин да мындай акысыз жеткирип кой деп сурангандар көп эле болгон. Ноябрь айынын ичинде булар төртүнчүсү болду.

— Үй-бүлөңүз үчүн да машина белек алганыңыз күтүүсүз болсо керек?

— Менин үй-бүлөм биринчи жолу мындай нерсеге туш болду. Күнү-түнү чалуулар болуп, чындыгында алар уктай элек. Аялым өзү уткандай эле сүйүнүп, төбөсү көккө жетип жүрөт. Балдарыма айтсам, алар эмнени түшүнөт дейсиң, алар да өзүбүздүн машинабыз экенин сездиби, айтор келгенде алып кирип отургузсам, кийин машинадан түшпөйбүз деп ыйлашты (күлүп). Мурда такси айдап  жүргөндө алып келип кичине отургузуп, эми түшкүлө десең түшөт эле да.

-Канча жылдан бери Орусияда иштеп жүрөсүз?

-Орусияда өзү көптөн бери эле иштеп жүрөбүз. 2006-2009-жылдары келип-кетип иштеп жүрдүк. 2016-жылга чейин Кыргызстанда болдук, анан кайра 2017-жылы келгенбиз. Андан бери 1-2 жолу Кыргызстанга барып келдик. Ошондон бери Москвадабыз.

-Ата-энеңиз тууралуу айтып берсеңиз, кай жактын кулуну болосуз? Адамдарга жакшылык кылуу тууралуу көп айтчу беле?

—  Атамдын өткөнүнө 11 жыл болду, 2010-жылы кайтыш болгон. Апам Бишкекте турат. Өзүм Ноокат районунун Тескей-Кожойке деген айылынан болом. 1986-жылы 2-январда төрөлгөм.

— Бул окуядан кийин пландарыңыз өзгөргөн жокпу?

— Пландарым өзгөргөн жок. Негизи «машиналуу болсом, бир аз акчалуу болуп, анан кызымды операция кылдырып алсам, үйүмө кетет элем» дегем. Иншааллах, Аллахым баарын чекеден орундап жатат.

— Маегиңиз үчүн чоң ырахмат! Ишиңизге ийгилик каалайбыз!

1 пикир

1 пикир

  1. Гулумкан

    26.11.2021 15:42

    Эгем иним сага Ден соолук иштерине ийгилик,эл учун иштеп тилектерин аткарып,кызыныдын денсоолугу жакшы болу айыгып кетсин.Аллахым колдосуГ.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM