Биз менен байланышыңыз

Жаңы салык кодексинде ишкерлерге жагымдуу шарттар каралган

Экономика | 25 Ноя 2021 | 1385 | 0

Бүгүн, 25-ноябрда Мамлекеттик салык кызматынын иши боюнча басма сөз жыйыны өттү. Анда жаңы Башмыйзамдын негизинде кайрадан жазылган Салык кодексинин жаңы редакциясындагы өзгөрүүлөр, ошондой эле быйылкы жылга карата чогулган салыктар боюнча маалымат берилди.

Салык кодексинин жаңы редакциясы ишке киргизилүүдө. Ал учурда Жогорку Кеңештин комитетинде экинчи окууда колдоо тапкан.

Жаңы кодексте салык мыйзамдарын заманбап экономикалык шарттарга айкалыштыруу, салык төлөөнү санариптештирүү, ишкерлерге бирдей шарт түзүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу сыяктуу беренелер камтылган.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Бекболот Алиевдин айтымында, Салык кодексинин жаңы редакциясы инвестициялык климат түзүп, ишкерлер үчүн таза атаандаштык шарттарды жана мыйзамсыз сооданы аныктоону камсыздайт.

«Мисалы, салык төлөөчүлөрдү колдоо максатында Салык кодексинин ченемдеринин ортосунда карама-каршылыктар келип чыккан, же салыктык укук мамилелерин жөнгө салуу үчүн зарыл ченемдер болгон учурда салык органдары жана же сот органдары тарабынан салык төлөөчүнүн пайдасына чечим кабыл алуу сунушталууда. Андан сырткары чет өлкөлүк компанияларга (GOOCLE жана башка) КНС жана электрондук-коммерциялык салык салуу ченеми киргизилген. Бир катар тармактарга салыктык жеңилдиктер, айталы, тигүү тармактарына бирдиктүү салыктын төмөндөтүлгөн өлчөмүн киргизүү, зергерлик, авиациялык тармак, электробустарды ташуу үчүн КНС боюнча жеңилдик берүү сунушталат».

Учурдагы Салык кодекси 2008-жылы кабыл алынган. Андан бери ага 130дан ашык өзгөртүү, түзөтүү киргизилген.

Ал эми Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов салык жана төлөмдөр болжолдон алда канча көп чогулганын билдирип, анын себептерине токтолду.

«Пландалган салык көрсөткүчтөрүн ашыра аткаруу бир катар факторлордун натыйжасында мүмкүн болду. Тактап айтканда, салыктык башкаруу жакшыртылып, экономиканын бардык секторлоруна талдоо жана мониторинг жүргүзүлүп, бизнести көмүскөдөн чыгаруу, ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүргүзүүнүн алкагында кыйыр салыктарды башкаруу боюнча иштер жасалды. Мындан тышкары салык процедураларын жана электрондук эсеп-фактураларды санариптештирүү боюнча долбоорлор өз натыйжасын берүүдө».

Мамлекеттик салык кызматы быйыл 10 айда 31 миллиард 147 миллион сом камсыздандыруу төгүмүн, ал эми 25-ноябрга карата 94 млрд 171 млн салык жана төлөм чогултту. Жаңы жылга чейин дагы 104 млрд сом чогулары болжолдонууда.

Copyright © 2017 Maral FM