Биз менен байланышыңыз

Түркияда доллардын көтөрүлүшү элди митингге чыгарды

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Ноя 2021 | 1278 | 0

Түрк лирасынын куну түшүп, доллардын күндөн-күнгө көтөрүлүшү элдик толкундоого алып келди. Буга байланыштуу миңдеген адам Стамбул менен Анкаранын көчөлөрүнө чыкты. Митинг эл менен полициянын кагылышуусун жаратты.

Halk телеканалы берген маалыматына караганда нааразы тарап өкмөттүн, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (Ак партия) бийликтен кетишин талап кылып жатышат.

Айта кетсек, Түркияда АКШ доллары бир күндө эле 11 лирадан 13,46 лирага, ал эми евро 15 лирага көтөрүлүп кеткен. Тактап айтканда, доллардын курсуна карата лиранын куну 15%га арзандаган.

Түрк оппозициясы доллардын курсунун көтөрүлүшүнө Режеп Тайип Эрдогандын саясатын күнөөлөп келишет. Тактап айтканда, Түркия президенти Борбордук банктан үстөк пайызды азайтууну талап кылып, муну менен «көз карандысыз экономикалык согуш» жарыялоо ниетин белгилеген. Бул бир маалда инфляцияны күчөтүп, лиранын кунун түшүшүнө алып келген.

Кечээ, Түркия Министрлер кабинети менен болгон жыйында Режеп Тайип Эрдоган «жогорку пайыз — төмөнкү курс» реформасынан баш тартпай турганын, бул өлкөсү үчүн туура чечим болгонун маалымдаган. Өлкө башчысынын бул сөзү элдин нааразычылыгын жаратып, митингге чыгууга түрткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM