Биз менен байланышыңыз

Швециянын тарыхында биринчи жолу өкмөт башына аял киши келди

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Ноя 2021 | 855 | 0

Швециянын тарыхында биринчи жолу өкмөт башына аял киши келди. Тактап айтканда, бүгүн 24-ноябрда швед риксдагында Магдалена Андерссон өкмөт башчылыгына шайланды. Бул тууралуу SVT телеканалы билдирди.

 «Социал-демократтардын» лидери Магдалена Андерссондун өкмөт башына келери кечээ, 23-ноябрдын кечинде белгилүү болгон.  Парламенттеги «солчулдардын» лидери Нуши Дадгостар менен Магдалена Андерссон консенсуска келип, эки лидер тең түз эфирде комментарий берген.

Мындай кадам менен Андерссон швед риксдагынын колдоосуна ээ болуп, премьер-министр болуп шайланды.

Магдалена Андерссон Швециянын тарыхындагы алгачкы аял премьер-министр болду. Ал буга чейин каржы министри болуп эмгектенип келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM