Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда жаштардын сакалын мажбурлап алдыра баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Ноя 2021 | 736 | 0
Икром Холматов рейдге чейин жана кийин. Сүрөт "Азаттык" сайтынан алынды

Өзбекстандын Янгийул шаарынын милициясы ондогон жигиттерди бөлүмгө чакырып, сакал-мурутун кырууга мажбурлаган. Бул тууралуу «Азаттыктын» өзбек кызматы жазды.

38 жаштагы Икрам Холматов аны 22-ноябрда ички иштер бөлүмүнө чакыртканын айтып берген.

«Милиция кайсы бир иш боюнча суракка алып кетти. РОВДга алып киргенден кийин телефонумду текшеришти. Эчтеке таппаган соң, кысмакка алууга өтүштү. «Эми сакалыңды аласың, болбосо өзүбүз алып коёбуз», — дешти. Мен сакалымды алууга каршылык көрсөттүм. Андан соң алар: «Атаңдын кеби бир тыйынбы сага? Атаң: «Балам сакалын алат», — деп кетти эле го», — дешти. Атам тууралуу сөз болуп калгандан кийин сакалымды кырып салууга мажбур болдум. Сакалымды кырган соң да сүрөткө тартышып, анан коё беришти», — деген Холматов.

Айрым алынган маалыматтарга караганда Янгийул милициясы Икрам сыяктуу дин жолунда жүрүп, сакал койгон 22 жигиттин сакалын кырууга мажбурлаган. Атын атагысы келбеген бир жигит сакалды күч менен алдыруу кадимки көрүнүшкө айланып баратканын айткан.

«Кечээ 22 адам шаардык бөлүмгө чакыртылып, сакалы алынган. Айрыкча диндарлардын сакалы алынып жатат. Бул — кечээ эле болгон көрүнүш эмес», — деген жигит.

Ал эми Янгийул шаардык ички иштер бөлүмү сакалды мажбурлап алуу болбогонун, болгону сүрөткө түшөрдүн астында сакалын жүзү көрүнгүдөй текшилеп коюусун гана өтүнүшкөнүн билдирген.

Айта кетсек, буга чейин Ташкенттеги «Малика» базарында да сакалчандарга каршы рейд жүргөнү кабарланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM