Биз менен байланышыңыз

Казакстанда коллекторлорду жоопко тартуу каралып жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Ноя 2021 | 523 | 0

Казакстанда коллекторлорду (карыз өндүрүп берүүчүлөр) кылмыш жоопкерчилигине тартуу каралып жатат. Бул тууралуу Каржы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттигинин төрагасынын орун басары Олег Смояков өкмөттүк отурумда билдиргенин Stan.kz маалымат агенттиги  жазды.

Смояковдун берген маалыматына караганда, Каржы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттиги карыз алуучулардын укугун коргоо үчүн тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөргөн. Мунун негизинде банктардын, микрокредиттик жана коллекторлук уюмдардын кызматын иретке салуу мыйзамы кабыл алынган. Жаңы мыйзамда жарандардын банктан, каржы уюмдарынан алган карыздарын кайтарып берүү тартиби каралып, карызды мыйзамсыз жол менен талап кылууга тыюу салынган.

Муну менен катар коллекторлук кызмат көрсөтүүлөргө да бир катар чектөөлөр киргизилген.

«Президенттин тапшырмасы менен жарандардын укугун коллекторлук уюмдардын мыйзамсыз аракеттеринен коргоо максатында биздин агенттик коллекторлук агенттик кызматкерлерин административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартууну сунуштадык. Учурда Башкы прокуратура коллектор кызматына катаал чараларды көрүү боюнча чараларды карап жатат», — деген Олег Смояков.

Коллектор — англис тилинен которгондо «чогултуучу» дегенди түшүндүрүп, карыз өндүрүп берүү кызматын аткарат. Бул кызматты көбүнчө ири банктар, фирмалар колдонуп келет. Тактап айтканда, кайсы бир жаран алган кредитин же карызын убагында бербесе, карыз берген тарап ушул агенттиктерге кайрылышы мүмкүн. Бул кызмат Орусияга 2004-жылдары, Казакстан менен Кыргызстанга 2008-2009-жылдары келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM