Биз менен байланышыңыз

Бишкекте бензин таңкыстыгы байкала башталды

Кыска кабар | 22 Ноя 2021 | 297 | 0

Бишкек шаарынын айрым май куюучу жайларында АИ-92, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин сатылбай жатканы тууралуу кабар редакциябызга келип түшкөн.

Маалыматты тактоо үчүн Нефтетрейдерлер ассоциациясынын төрагасы Канат Эшатовго кайрылганыбызда бензин менен дизель Орусиядан, Казакстандан аз өлчөмдө келип жатканын, майга болгон таңкыстык ошондон улам жаралып жатканын айтты.

«Орусия мунайзатын биздин мунайчыларга ири көлөмдө сатпай жатышат. Анткени баа жума сайын жогорулоодо. Ошондуктан азыраактан гана берүүдө. Мурда суткасына 3-4 машина жөнөтүшсө, азыр суткасына 1-2 гана машина жөнөтүшөт. Эмки машина келип куйгучакты ал май куюучу жайда мунайзаттын бири түрү: бензинби, дизель отунубу, калбай калууда. Бул бүгүнкү күндө Орусияда, Казакстанда болгон мунайга болгон таңкыстык кесепети болуп жатат. Орусияда 2 завод октябрда толугу менен иштеген жок, ноябрдын башынан баштап иштеп баштады. Эми өзүнүн толук кубатына келүү үчүн бир канча убакыт керек. Ошондуктан ушундай көрүнүш болуп жатат», — деди Эшатов.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанга жылына 1 млн 300 миң тоннанын тегерегинде күйүүчү май керектелет. Маалым болгондой, мунун 80%ы Орусиядан импорттолот.

Шераалы Бекташ

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM