Биз менен байланышыңыз

Жапаров «Ак-Ордо-3» конушунун жашоочулары менен жолугушту (сүрөт, видео)

Кыска кабар | 22 Ноя 2021 | 986 | 1

Бүгүн, 22-ноябрда президент Садыр Жапаров Чүй облусунун Сокулук районунун «Ак-Ордо-3» конушунун жашоочулары менен жолугушту.

Тургундар жер тилкелерин мыйзамдаштыра албай келишкенин, конушта мектеп, оорукана, бала бакча жок экенин, ошондой эле жол жана көрүстөн маселелери курч турганын айтышкан.

2007-жылы Новопавловка айыл өкмөтүнүн токтому менен 41 гектар жер тилкеси трансформацияланып, муктаж болгондорго бөлүнүп берилген. Бирок учурда трансформация боюнча эч кандай токтом кабыл алынган эмес деген шылтоо менен жүздөгөн адамдардын «кызыл китептерин» сот аркылуу жокко чыгаруу аракети жасалып жатканын айтышты.

Ошол эле адамдардын өздөрүнүн буга чейин алган жер тилкелерин кайрадан муктаж болгондорго сатып жатканы көптөгөн чыр-чатактарды жаратууда.

Жашоочулар «Ак-Ордо-3» конушун Бишкек шаарынын аймагына киргизүүнү, кошумча маршруттук линияларды ачууну, милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн штаттык санын көбөйтүүнү жана кылмышка каршы күрөштү жакшыртуу үчүн аларга имарат бөлүп берүү маселелерин чечүүнү суранышты.

Садыр Жапаров сөз сүйлөп жатып, акыркы 15-20 жылдан бери  чечилбей келген көйгөйлөр айрым мамлекеттик органдардын шалаакылыгынан жана кээ бир адамдардын көз боёмочулук аракеттеринен улам болгонун айтты.

Конуштагы тилкелерге ээлик кылууга укук берүүчү документтерди жана техникалык паспортторду берүү маселесин чечүүнү тапшырды.

«Майга чейин ээлик кылууга укук берүүчү документтери жана техпаспорту жок үй болбошу керек. Эгер андай болбосо, тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери кызматынан эле алынып тим болбой, өз кызматтык милдеттерин аткаруудагы шалаакылыгы үчүн жоопкерчиликке тартылат», — деп билдирген Жапаров.

Ошондой эле жаңы автобустардын келиши менен конуштар кошумча маршруттук каттамдар менен камсыздаларына убада берди. Мүрзө үчүн тилке бөлүп берүү маселесин бир ай ичинде чечүүнү тапшырды.

Мындан сырткары жакында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болорун эске салып, элди адилеттүү добуш берүүгө чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM