Биз менен байланышыңыз

«Улуттук электр тармагына» кышка даярдык паспорттору берилди

Кыска кабар | 22 Ноя 2021 | 587 | 0

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» Ачык акционердик коомунун бардык бөлүмдөрү кышка даярдык паспортторун алышты. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Атайын түзүлгөн комиссия «Кыргызстан улуттук электр тармагынын» облустук бөлүмдөрүнүн кышка даярдыгын жеринен текшерип кайтышкан. Мунун негизинде ишканага караштуу 89 көмөк чордондогу жабдууларды капиталдык оңдоо, 196 көмөк чордондо мезгилдик оңдоо, 458,8 чакырымды түзгөн 110-500 кВт электр линияларынын капиталдык оңдоо, 6724,3 чакырымды түзгөн 110-500 кВт аба чубалгыларынын техникалык тейлөө, андан тышкары имараттар, курулмалар, унаалар оңдолуп, электр жабдууларын суу ташкындарынан коргоо иштери жасалган.

Комиссия жогоруда белгиленип кеткен сыяктуу бир катар иштерди негиз кылып, бөлүмдөр кышка дээрлик даяр экенин маалымдаган акт өткөрүшкөн. Мындан улам Энергетика министрлиги баарына кышка даярдык паспортун тапшырган.

Даярдык паспорту күзгү-кышкы максималдуу жүктөмдөр шартында электр тармактар комплексинин үзгүлтүксүз, коопсуз иштөөсүн камсыз кылуу үчүн зарыл шарттардын аткарылганын тастыктаган негизги документ болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM