Биз менен байланышыңыз

Собянин: Курулушта иштеген мигранттардын санын 2 эсе кыскартабыз

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Ноя 2021 | 964 | 0

Москвадагы курулуш объекттеринде эмгектенген мигранттардын саны эки эсе азаят. Бул тууралуу Москванын мэри Сергей Собянин «Россия-1» телеканалына берген маегинде айтты.

«Биз көп убакыттан бери ири шаарларда мигранттардын санын азайтуу планын бир канча баскычка бөлгөнбүз. Анткени биздин башка аймактардан келген өзүбүздүн жарандар да курулуш тармагында эмгектенишет. Мигранттар да ушул тармакта эң көп», — деп кошумчалаган Собянин.
Собяниндин айтымында, ички эмгек рыногун коргоо үчүн курулушта эмгектенген мигранттардын санын азайтуу көптөн бери каралып келе жаткан маселе. Ал мигранттардын ордуна курулушка Орусиянын алыскы аймактарында жашаган жарандарды көбүрөөк тартуу керектигин да белгилеген. Ошондой эле орусиялыктар үчүн жумуш шарты жана маянаны да жакшыртуу зарыл деп эсептейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM