Биз менен байланышыңыз

Түндүк Америкада Ай тутулду

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Ноя 2021 | 1256 | 0

Бейшембиден жумага караган түнү Түндүк Америкада Ай тутулду. Айды каптаган караңгылык кочкул кызыл түскө боёлуп тургандыктан, аны жергиликтүү калк «Кандуу Ай» атап жатышат. Бул тууралуу cnnturk.com сайты жазды.

Бул акыркы 581 жыл ичиндеги эң узак тутулуу болорун буга чейин АКШнын Улуттук аэронавтика жана космос мейкиндигин изилдөө башкармалыгы билдирген.

Тутулуу Вашингтон убактысы боюнча түнкү саат 1де (Бишкек убактысы боюнча түшкү 12де) башталып, таңкы 4кө жакын толук караңгылык каптап, кайрадан ачылган.

Бул кубулуш Түндүк Америкадан бүтүндөй, Түштүк Американын батыш жарымынан, Азиянын түндүк-чыгышынан жана Австралиянын чыгыш бөлүгүнөн көрүнгөн.

АКШнын Улуттук аэронавтика жана космос мейкиндигин изилдөө башкармалыгы билдирген маалыматына ылайык, тутулуу 3 саат 28 мүнөт 23 секундага созулуп, акыркы миң жылдыктагы эң узак тутулуу катары эсептелди.

Шераалы Бекташ

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM