Биз менен байланышыңыз

Украина Орусиянын Атайын кызматына санкция салды

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Ноя 2021 | 797 | 0

Украина президенти Владимир Зеленский Орусия Атайын кызматынын 23 адамына жана «Крымдагы адам укугун бузган иштерге аралашкан» деген айып коюлуп жаткан 5 украин жаранына салынган санкцияны күчүнө киргизген жарлыкка кол койду.

Айта кетсек, Украина Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин «Жеке жактарга атайын экономикалык жана башка чектөөлөрдү (санкция) киргизүү жөнүндө» чечими ушул жылдын 20-августунда кабыл алынган.

Бул жарлыкка ылайык, санкцияга кирген адамдардын Украинадагы активдерине бөгөт коюлуп, соода кылуусуна, айтылган өлкө аркылуу башка өлкөлөргө чыгуусуна, капиталын бул аймактан чыгарып кетүүсүнө дагы башка ушул сыяктуу экономикалык, каржылык иштерди жасоосуна тыюу салынат.

Украина менен Орусиянын мамилеси 2014-жылы Украинанын ошол кездеги президенти Виктор Янукович өлкөсүнөн куулгандан баштап бузулган. Украина Орусияны Виктор Януковичке башпаанек бергени үчүн айыптап, өзүнүн элчисин чакыртып алган.

Көп өтпөй Кремль бийлиги Крымга аскер киргизип, атайын референдумдун жыйынтыгы менен аймакты өзүнө таандык деп жарыялаган. Украина бул ишти «баскынчылык» катары мүнөздөп, Орусияны күнөөлөп келет. Эки өлкө ортосунда кезек-кезеги менен чыгып турган аскердик кагылыштардан 13 миңден ашуун адам каза тапканы айтылат.

2018-жылдан тарта эки өлкө бири-бирине атайын санкцияларды салууну баштаган. Бул чектөөлөргө жалпысынан Орусиядан 140 адам, 49 юридикалык тарап, Украинадан 900гө чукул тарап илинген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM