Биз менен байланышыңыз

Өзгөн: Ташиев мамлекеттик кызматкерлерди дагы эскертти

Кыска кабар | 19 Ноя 2021 | 495 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин Ош облустук жана Ош шаардык башкармалыгынын Өзгөн райондук бөлүмчөсүнө жаңы имарат курулуп, пайдаланууга берилди.

Имарат кызматкерлер үчүн зарыл болгон бардык заманбап техникалык жабдуулар менен камсыздалган. Иштөө шарттары да талапка жооп берет.

Чекисттер үчүн курулган жаңы имараттын ачылышына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты. Ал анда сөз сүйлөп, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өнөктүгү, ал учурда мыйзамдын сакталышы, мамлекеттик кызматкерлердин шайлоонун үгүт иштерине аралашпоосу тууралуу айтты.

Алдыда дагы Атайын кызматтын аймактардагы бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базаларын жаңылоо, чыңдоо иштери улантылары белгиленди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM