Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 20-ноябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй, Талас облустарында түнкүсүн -3…-8, күндүз +5…+10;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз +7…+12;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +1…+6;
Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…+3 суук болот.
Бишкекте 20-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз +8…+10 градус жылуу болот.