Биз менен байланышыңыз

«Түндүк электр» светтин карызын туумсуз төлөө өнөктүгүн жарыялады

Кыска кабар | 19 Ноя 2021 | 313 | 0

«Түндүк электр» Ачык акционердик коому светке болгон карызды туумсуз төлөө боюнча өнөктүк жарыялады.

Маалыматта айтылгандай, абонент ээлери электр энергиясына болгон карызын ушул жылдын 31-декабрына чейин төлөсө, туумдары жокко чыгарылат.

«Өнөктүк керектөөчүлөрдүн топтолгон карызынан кутулуп, туумга кете турган акчасын үнөмдөп калууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле карызкорлордун «кара тизмесинен» чийилип, соттук териштирүүлөр сыяктуу мыйзамда каралган жагымсыз «кесепеттерден» кутулушат», — деп айтылат маалыматта.

Керектөөчү буга чейинки карыздарын жаңы жылга чейин төлөө менен бирге январь айынын алгачкы он күндүгүнүн болжолдуу суммасын да берип койсо болот.

Кененирээк маалыматты 1209 call-борборуна чалып биле аласыз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM