Биз менен байланышыңыз

Европада канаттуулар соңку 40 жылда 600 миллионго азайган

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Ноя 2021 | 766 | 0

Акыркы 40 жылда Европада канаттуулардын саны болжол менен 600 миллионго азайган. Бул маалыматты cnnturk.com сайты Бельгиянын «Де Морген» гезитине таянып жарыялады.

Кабарга ылайык, шаар курулушу, өнөр жай жана айыл чарба иштеринин айлана-чөйрөгө тийгизген таасиринен улам жапан канаттуулардын көпчүлүгү жок болуп кеткен.

Бельгиялык орнитолог Ян Родтс канаттуулардын өөрчүшү 1980-жылдан бери 600 миллионго азайганын, мунун ар бир алтынчысы жапан табиятта жок экенин билдирди.

Жайыттардын, жашыл аянттардын тарышы, заманбап айыл чарба техникаларынын колдонулушу, бийик имараттардын салынышы канаттуулардын азаюусуна чоң таасир эткен.

Статистикалык маалымат боюнча дүйнөдө жалпысынан 50 миллиардга жакын канаттуу бар.

Шераалы Бекташ

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM