Биз менен байланышыңыз

Грузия: Абактагы Саакашвили эс-учун жоготуп, ооруканага түштү

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Ноя 2021 | 326 | 0

1-октябрдан бери ачкачылык кармап жаткан абактагы Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили эс-учун жоготуп, ооруканага түштү. Бул тууралуу анын адвокаты Бека Басилая билдиргенин бир катар маалымат булактары жазды.

Маалым болгондой, ал адвокаты менен жолугуп чыккандан кийин эсин жоготуп кулап калган. Ооруканага аны замбилге салып алып кетишкен. Саакашвили камалган түрмөнүн башчысы учурда абалы жакшырып калганын, жанданыруу бөлүмүнөн эсине келгенин маалымдады.

Михаил Саакашвили Грузиянын башына 2003-жылы Эдуард Шеварнадзени тактан кулаткан «роза» революциясынан кийин келген. Бир жылга жакын президенттин милдетин аткаруучу болуп туруп, 2004-жылы өткөн шайлоодо 96,27% добуш менен Грузиянын президенти болуп шайланган. Бул кызматты ал эки мөөнөт аркалаган.

Саакашвили кызматтан кетери менен ага кылмыш иши козголгон. Мындан улам экс-президент өлкөсүн таштап, Украинага чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Ал бир нече кылмышка, анын ичинен эң чоң делген эки кылмышка айыпталып, сыртынан өкүм чыгарылган.

29-сентябрда жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына бир нече талапкерин алып чыккан өзүнүн партиясы «Улуттук биримдик» кыймылын колдоо үчүн өлкөсүнө кайтып келгенде камакка алынган. Ал козголгон кылмыш иштеринин баарын жабууну, актоо өкүмүн чыгарууну талап кылып, 1-октябрдан тарта ачкачылык жарыялаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM