Биз менен байланышыңыз

Шаар тургунунун 20 миң сомдук телефонун тартып алган шектүү кармалды

Кыска кабар | 18 Ноя 2021 | 401 | 0

Бишкек шаарындагы №5 милиция бөлүмүнүн (ГОМ-5) кызматкерлери каракчылыкка шектелип, издөөгө алынган жигитти колго түшүрдү. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

17-ноябрда Биринчи май райондук милициясына шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда белгилүү болгондой, болжол менен түнкү саат 3:40 чамасында Алтын-Казык жаңы конушунан бейтааныш жигит бычак такап коркутуп, 20 миң сомдук Redmi чөнтөк телефонун жана 4 миң сомун тартып алып, из жашырып кеткен.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 202-беренеси (каракчылык) менен катталып, иликтөө иштери башталган.

Ыкчам издөөнүн натыйжасында кылмышка шектүү 1992-жылы туулган Д.М. бүгүн, 18-ноябрда колго түштү. Кармалган адам буга чейин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турганы аныкталды.

Шектүү Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда тергөө, суракка алуу, башка кылмыштарга тиешеси бар-жогун иликтөө иштери сүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM