Биз менен байланышыңыз

Токаев: Казакстан Орто Азияга лидер болууга тийиш

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Ноя 2021 | 444 | 0

Казакстан Орто Азия өлкөлөрүнүн лидери болууга тийиш. Мындай пикирин казак президенти Касым-Жомарт Токаев Тышкы иштер министрлигинин кеңейтилген отурумундагы сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Токаев өз сөзүндө тышкы дипломатиялык мамилелерде, башка өлкөлөр менен болгон алакаларда Казакстандын жетишкен ийгиликтерин жана өксүктөрүн бир баштан айтып, алдыда ушул багыт боюнча жасала турган беш кадамды санап өттү. Алардын бири Орто Азиядагы лидерликти бекемдөө экенин баса белгиледи.

«…Үчүнчүсү, Казакстандын Орто Азиядагы лидерлик ордун бекемдөө. Жогоруда айтып өткөнүмдөй, бул — өтө маанилүү милдет. Биз ушул аймакта өзгөчө даражага эгедер экенибизди тартынбай айтууга тийишпиз. Буга толук негиз бар. Атап айтканда, экономикабыз Орто Азиядагы башка өлкөлөргө караганда алдаганча кубаттуу; биз Евразиядагы башкы унаа коридорлору тогошкон геостратегиялык чордондо турабыз; ири экономикалык жана демократиялык реформалар жигердүү ишке ашууда; интеллектуалдык жана адамдык ресурсубуз бар; эл аралык уюмдар алдында аброюбуз жогору. Мындан улам Орто Азиянын тагдыры үчүн Казакстанга өзгөчө жоопкерчилик жүктөлөт», — деди Токаев.

Казакстандын президенти мындан тышкары суу маселеси боюнча келишимди тезирээк бүтүрүү, пандемия маалында үзгүлтүккө учураган экономикалык кызматташтыкты кайта жандандыруу, дүйнөдөгү күчтүү делген мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен тең ата сүйлөшүүгө жетишүү сыяктуу бир катар иштерди жолго салуу зарылдыгына токтолду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM