Биз менен байланышыңыз

Жазаларды аткаруу кызматы Орусия менен келишим түздү

Кыска кабар | 18 Ноя 2021 | 420 | 0

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев Орусиянын Жазаларды аткаруу федералдык кызматынын директору Александр Калашников менен Москва шаарынан жолугушту.

Жетекчилер жаза мөөнөтүн өтөп жаткан айыпталуучуларды коомго кайрадан аралаштыруу, кызматкерлердин абактагыларга зордук-зомбулук көрсөтүүсүнө жол бербөө, экстремисттик, радикалдык көз караштардын пайда болуусуна каршы туруу, ошондой эле кызматкерлердин квалификациясын көтөрүү маселелерин талкуулашты.

Расмий кездешүүнүн соңунда тараптар «2022-2023-жылдарда кызматташуу» жумушчу программасына кол коюшту.

Айта кетсек, эки өлкөнүн Жазаларды аткаруу кызматы 2011-жылы кол коюлган меморандумдун негизинде кызматташып келишет. Мунун алкагында бир нече жолу расмий сапарлар, семинарлар жана башка иш-чаралар болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM