Биз менен байланышыңыз

«Сосновкада» жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Кыска кабар | 18 Ноя 2021 | 595 | 0

«Сосновка» постунда жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Чектөө Төө-Ашуу ашуусундагы аба ырайы кабылына келгенге чейин уланат.

«Учурда Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Талас – Тараз – Суусамыр унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат. Кардын калыңдыгы 10-15 см түзөт. Кызматкерлер тарабынан жолду кардан тазалоо, инерттүү материалдарды чачуу иштери жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Транспорт министрлиги айдоочуларды кар чынжырчаларын алып жүрүүгө, каршы тилкеге ​​чыкпоого (тыгын болгон учурда) жана тайгакка каршы инерттүү материалдарды чачып жаткан атайын техникаларга жолтоо болбоого, унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого чакырат.

Copyright © 2017 Maral FM