Салык кодексинин жаңы долбоорунун башкы принциптери — биринчиден эсепке чыгуу; экинчиден көмүскө экономиканы азайтуу. Ошондой эле ишкерлерге жеңилдик болсун деген маселе бар. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлү Кубанычбек Ысабеков «Маралдын» эфиринде билдирди.
Ал Салык кодексиндеги эң башкы өзгөртүүлөрдүн бири катары эки негизги салыктык режимди атады. Булар — жалпы салыктык режим, анан бирдиктүү салыктык режим.
«Жалпы салыктык режим азыр деле бар. Салык кодексинин жаңы долбоорунда биз мындай сунуш кылып жатабыз: жалпы режимде ишмердиктин 3 салыгы төлөнөт. Алар — пайдадан алынган салык, сатуудан алынган салык жана кошумча нарк салыгы. Жалпы режимде жаңы долбоор боюнча ири компаниялар иштеши керек. Жылына акча жүгүртүүсү 30 миллиондон ашкан ири ишканалар азыр деле жалпы режимде иштейт, алар ошол режимде кала берет. Аларга өзгөрүү болгон жок. Ишкананын акча жүгүртүүсү 30 миллионго чейин болсо, бирок экспорт менен иштесе, анда кошумча нарк салыгынан зачет системасы деген бар, ошол система менен колдоном деген ишканалар дагы жалпы режимде иштесе болот», — дейт ал.
Экинчи негизги салык режим — бул жөнөкөй, бирдиктүү салык режими. Мында кошумча нарк салыгынын, пайдадан алынган салыктын жана сатуудан алынган салыктын ордуна бир эле салык төлөнөт, бир эле отчет берилет, ошондуктан ишкерлерге жеңилдик болот. Азыркы учурда бул деле бар. Бирок аны азыр жылына 8 млн акча айланткан кичи ишканалар эле колдоно алат. Салык кодексинин жаңы долбоорунда акча айлантуусу 30 миллионго жеткендерди да кошуп, кичи жана орто бизнеске шарт түзүп берүү каралууда.