Биз менен байланышыңыз

Кино күнүндө СССРдин эл артисти Болот Шамшиев эскерилди

Кыска кабар | 17 Ноя 2021 | 328 | 0

Бүгүн, 17-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында кино ишмерлердин кесиптик майрамынын алкагында Кыргыз киносунун 80 жылдыгы жана СССРдин эл артисти, залкар кинорежиссёр, маркум Болот Шамшиевдин 80 жылдыгы белгиленди.

Салтанатка министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, бир катар кино ишмерлер, кино ышкыбоздору катышты.

Иш-чарада Болот Шамшиевдин жаркын элесине арналган жана кино өндүрүшүнүн 80 жылдык тарыхын чагылдырган сүрөт көргөзмөсү да коюлду.

Майрамдык салтанат жана эскерүү кечесинде даректүү тасмалар көрсөтүлүп, концерттик программа менен коштолду.

Айта кетсек, 1941-жылдын 17-ноябрында Кыргыз ССР эл комиссарлар Советинин токтому менен алгачкы кинохроникалык «Кыргызфильм» студиясы түптөлгөн. Дал ушул күндүн урматына 1994-жылы Кыргыз Респубилкасынын Өкмөтү 17-ноябрды кино ишмерлеринин кесиптик майрамы — кино күнү катары белгилөө боюнча токтом кабыл алган.

СССРдин эл артисти, залкар кинорежиссёр Болот Шамшиев 1941-жылы Фрунзе (Бишкек) шаарында туулган. Ал «Ак кеме», «Караш-караш окуясы», «Эрте келген турналар», «Бөрү зындан», «Манасчы» (Саякбай Каралаев туурасында), «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» жана башка ушул өңдүү бир катар атактуу тасмаларды тарткан. 2019-жылы 78 жашында көз жумган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM