Биз менен байланышыңыз

Таласта бороон болуп, бир адам каза тапты

Кыска кабар | 17 Ноя 2021 | 319 | 0

Талас облусунун Манас районунда болгон бороондон бир адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Бороон бүгүн, 17-ноябрда саат 14:30 чамасында башталган. Табият кырсыгынан Манас районунун Талас айылындагы Цыренин атындагы орто мектептин спорт залынын, Көк-Дөбө айылындагы Дүйшенбиев атындагы орто мектептин, Бала-Саруу айылындагы орто мектептин, Кызыл-Жылдыз айылындагы Рахманбердиев атындагы орто мектептин чатырын учуруп кеткен.

Андан тышкары эки терек кулап, бир адамды басып калган.

Жеринде ӨКМдин Манас райондук бөлүмүнүн башчысы, Жарандык коргонуу комиссиясы иш алып барып жатат.

Кара-Буура райондук метеорологиялык станциясы бороондун ылдамдыгы саатына 20-25 метрди түзгөнүн маалымдады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM