Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда кудалардын да бир мекемеде иштөөсүнө тыюу салынды

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Ноя 2021 | 553 | 0

Өзбекстандын Коррупцияга каршы агенттиги Эмгек кодексиндеги «Туугандардын мамлекеттик мекемелерде бирге иштөөсүн чектөө жөнүндө» мыйзамга кошумча жобо киргизди.

Ага ылайык, мындан ары туугандар гана эмес, кудалардын да бир мамлекеттик мекеменин бир бөлүмүндө же бири-бирине байланышы бар кызматтарында бирге иштөөсүнө тыюу салынат. Буга чейин мындай чектөө уялаш туугандар үчүн гана болуп келген.

Өзгөртүлгөн жобо боюнча эгер кызматкер өзүнүн тууганы менен бир мекемеде иштеп жатканын билсе, 10 күндөн кем эмес аралыкта жетекчиликке кабар берүүгө тийиш. Эгер бул талапты аткарбаса, 375 доллардан 500 долларга чейин айып салынат.

Кызматкер кабар бергенден кийин жетекчи алардын бирин башка кызматка которбосо, 600 доллардан 750 долларга чейин айып төлөйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM