Connect with us

Абактагы блогер Гүлзат Мамытбек ачкачылык жарыялады

Кыска кабар | 16 Ноя 2021 | 1084 | 0

Алдамчылыкка шектелип, камакка алынган блогер Гүлзат Мамытбек ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу Кыйноолорго каршы улуттук борбор билдирди.

Маалым болгондой, борбордун кызматкерлери №1 убактылуу кармоочу жайына текшерүү жүргүзүшкөн учурда ушул жерде кармалып турган Гүлзат Мамытбек кызынын ачкачылык жарыялаганы белгилүү болгон.

Жеке сүйлөшүүдө ал системага, абакта кармоо шарттарына, атап айтканда, кат-кабарларды убагында жөнөтпөй жатканына, кызматкерлердин орой мамилесине нааразычылыгын айтып, мындан улам 14-ноябрдан тарта тамактан баш тартканын билдирген.

Айыпталуучунун пикиринде, ага коюлган доо негизсиз, маселе жарандык тартипте каралышы керек болчу. Муну тастыктаган документтер да бар.

Ошол эле учурда Убактылуу кармоочу жайдын жетекчилиги улуттук борбордун кызматкерлерине ал жазган каттар өз дарегине дароо жөнөтүлүп жатканын тастыкташкан. Алардын айтымында, Гүлзат Мамытбек кызы өлкө президентине, УКМКнын төрагасына, Акыйкатчы институтуна, БУУга, АКШ менен Түркиянын Кыргызстандагы элчиликтерине кат жазган. Абак жайдын жетекчиси кызматкерлерине Гүлзат Мамытбек кызы даярдаган каттарды дарегине кайталап жөнөтүүнү тапшырган.

Айта кетсек, Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө 7 жаран арыз жазган. Алардын айтымында, Гүлзат Алымкулова (блогер Гүлзат Мамытбек) кыска мөөнөттө ири кирешеге ээ кыларын айтып, акчаларын алып, качып кеткен. Жарандар тарткан чыгым 110 миң долларды түзгөн.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) менен каттоого алынып, 2020-жылдын февраль айында өлкөдөн чыгып кеткен Гүлзат Алымкуловага издөө жарыяланган.

Кылмышка шектүү ушул жылдын 25-октябрында Кыргызстанга кайтып келген жеринен дароо кармалып, камакка алынган. 28-октябрда баш коргоо чарасы каралып, тергөө бүткөнчө, 25-ноябрга чейин бир айлык камакка алуу чечими чыккан.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM