Connect with us

УКМК: Жалал-Абаддын төрт милициясы кыйноо фактысы менен камалды

Кыска кабар | 16 Ноя 2021 | 328 | 0

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын төрт кызматкери кыйноо фактысына шектелип камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз бөлүмү билдирди.

Маалым болгондой, айтылган кызматтын милициялары А.Н. аттуу жаранга кордук көрсөткөнү боюнча маалымат түшкөн. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 143-беренесинин 1-бөлүмү (кыйноо) менен катталып, тергөө, иликтөө башталган. Анын натыйжасында кылмыштуу окуя болуп өткөнү аныкталган.

Буга байланыштуу 12-ноябрда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы М.Ж.га, ыкчам кызматкери М.Б.га, улук кызматкерлери К.М.га жана З.А.га кылмыш жасоого шектенүү билдирилген. Жыйынтыгында айтылган кызматкерлер Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн №25 убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда сотко чейин тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM