Биз менен байланышыңыз

УКМК: Бекешев үгүт ишине окуучуларды пайдаланган (видео)

Кыска кабар | 16 Ноя 2021 | 290 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттик шайлоого катышып жаткан талапкер Дастан Бекешевдин шайлоо штабынын үгүт иштерине мектеп окуучуларын пайдаланганы аныкталды. Бул тууралуу Атайын кызмат кабарлап, видео таратты.

УКМК ишти Жазык кодексинин 194-беренесинде каралган «Шайлоолорду же референдумдарды өткөрүүдө каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу» боюнча териштирүүдө.

Анын алкагында, талапкер Дастан Бекешевдин шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары, келишим түзүлбөй туруп, агитаторлорго акча төлөнгөндүгү тастыкталган.

Мындан тышкары «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдын 22-беренесинин 15-бөлүгүн бузуп, 18 жашка чейинки курактагы өспүрүмдөр да үгүт жүргүзгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM