Connect with us

Жеңиш Молдокматов Акыйкатчы аппаратына арызданды

Кыска кабар | 16 Ноя 2021 | 276 | 0

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери абактагы саясатчы Жеңиш Молдокматовдон кабар алды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө саясатчы күч түзүмдөрү үй-бүлөсүнүн телефондорун тыңшап жаткандарын, бул конституциялык укукту бузуу болуп саналарын билдирген. Ошондой эле ал камакта кармоо шарттарына эч кандай дооматы жок экенин айткан.

Айта кетсек, Жеңиш Молдокматов 11 жашар кызынын телефону тыңшалып жатканын айтып, Акыйкатчы институтуна баласынын укугун коргоп берүүнү өтүнгөн арыз жазган. Бул кат тармактык бөлүмдүн көзөмөлүнө алынганын кабарлады Акыйкатчы аппаратынын маалымат кызматы.

Мындан тышкары камактагы саясатчы 1 жарым жана 11 жашар эки баласы бар экенин эске алып, баш коргоо чарасын эркиндигинен ажыратпаган түрдөгү жазага өткөрүп берүү боюнча сот органдарына кайрылып, көмөк көрсөтүүнү, декабрь айынын башында боло турган сот отурумуна мониторинг жүргүзүп берүүнү суранган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM