Кыргызстанда 16-ноябрга карата дагы 103 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинде:
Бишкек шаарында – 47,
Чүй облусунда – 35,
Талас облусунда – 3,
Нарын облусунда – 2,
Ысык-Көл облусунда – 7,
Жалал-Абад облусунда – 6,
Баткен облусунда – 2 адамдан илдет жаңы табылган. Өлкөдө пандемия башталгандан бери 182 миң 528 адамга коронавирус жукту.
Ал эми акыркы суткада 3 бейтап каза болуп, жалпы өлүм учурлары 2 миң 710го жетти.
16-ноябрга карата дагы 97 адам сакайып, жалпы айыккандар 177 миң 6 киши болду.
Бүгүнкү күндө ооруканаларда 531 бейтап, үй шартында 752 адам дарыланууда.