Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Орусияда тастыктамага жарандын сүрөтүн да кошуу сунушталды

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Ноя 2021 | 477 | 0

Орусия Санарип министрлиги COVID-19дан өткөнү боюнча тастыктамага жарандын сүрөтүн да кошууну сунуштады. Бул тууралуу «Известия» басылмасы жазды.

Министрликтин түшүндүрмөсүнө караганда, бул ыкма жарандарды паспортун да ала жүрүү зарылчылыгынан куткарат. Ошол эле учурда кезек күтүүнү да азайтат.

Айта кетсек, Орусиянын коомдук жайларында эмдөөдөн өткөнүн тастыктаган сертификат менен кошо паспортун да көрсөтүү талап кылынат. Ошол эле учурда тастыктамадагы QR-код адамды таанытууга толук шарт түзө албайт, анткени анда аты-жөнүнүн баш тамгалары (инициал) гана жазылат. Мындан улам тастыктаманы паспортуна салыштырып, текшерүүгө туура келет. Бул учурда кезек күтүү узакка созулуп кетет.

Басылмага маалымат берген белгисиз кызматкер сүрөт кошуу бул муктаждыктан куткара турганын белгилеген.

«А бирок сүрөттү кайда жайгаштыруу боюнча суроо дале жоопсуз калууда. Балким ал эмдөөдөн өткөндөрдү каттаган «Мамлекеттик тейлөө» порталына колдонуучу өзү киргизген селфи сыяктуу сүрөт болушу мүмкүн; балким тастыктамага бирдиктүү биометрикалык тутумга түшкөн сүрөт тиркелет», — деген кызматкер.

12-ноябрда Орусия өкмөтү Мамлекеттик Думага эки мыйзам киргизген. Анда 2022-жылдын 1-февралынан 1-июнуна чейинки аралыкта жарандардын жыйындарга, маданий мекемемелерге, тамактануу жайларына, соода түйүндөрүнө, ошондой эле аба майдандарына, темир жол тутумуна эмдөөдөн өткөнүн тастыктаган QR-кодду же эмдөөгө болбой турганын тастыктаган күбөлүктү милдеттүү түрдө көрсөтүп кирүү талабын коюуну сунушталган. Экинчисинде бул мыйзам кабыл алынганга чейин ПЧР-тест менен кирип туруу демилгеленген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM