Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад: Май айынан бери дайынсыз болгон жаран изделүүдө

Кыска кабар | 16 Ноя 2021 | 269 | 0

Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Үч-Терек айылынын тургуну 1978-жылы туулган Алтынбек Мусаев  Калмакович 2021-жылдын 13-май күнү үйүнөн араба (тачка) түртүп чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Ага издөө жарыяланганын Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, дайынсыз болуп жаткан Алтынбек аттуу жаран бала чагынан бери психикалык жактан жабыркайт, бирок айылдан башка аймактарга чыкпаса, үйүн кайра таап келе алат. Ошондуктан күнүмдүк кара жумуш жасатуу үчүн адамдар башка аймактарга алып кетип калышы мүмкүн деген божомолдор бар.

Учурда Мусаев Алтынбек Калмаковичтин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 150-155 см, оң буту ичке болгондуктан аксап басат, оң колунда чыканагына чейин күйүктөн калган тактар бар жана сол колуна салыштырмалуу ичке.

Милиция дайынсыз болуп жаткан жаран тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо 0773 319 018; 0706 931 515; 0773 432 478 телефон номурларына кабарлап коюуну өтүнөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM