Connect with us

УКМК: Аткезчилер чек арачыларды ок чыгарууга аргасыз кылган

Кыска кабар | 14 Ноя 2021 | 393 | 0

Чек арачылар аткезчилерге курал көтөрүүгө аргасыз болду. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Бүгүн, 14-октябрда Аксы районундагы Ак-Дөбө айылынан элүү чакты адам Таза-Суу тилкеси аркылуу Өзбекстанга мал айдап өтүүгө аракет кылышкан. Аткезчиликти токтотуу үчүн барган Ала-Бука чек ара отрядынын кызматкерлери чек арадан өтпөөнү эскертишкен. Бирок аткезчилер талапты укпай койгондуктан, чек арачылар эскертүү иретинде асманга үч ирет ок чыгарышкан.

Окуя учурунда Ала-Бука чек отрядынын командири менен Аксы районунун милициялары келип, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин алар артка кайтышкан.

Ушундан көп өтпөй эле жогоруда айтылган тилкеде 1994-жылы туулган жаран 16 койду Өзбекстанга сатуу үчүн Hyundai-Porter унаасына жүктөп жаткан жеринен колго түшкөн. Алдын ала эсеп боюнча койлордун жалпы баасы 190 миң сом болмок.

Учурда аймакта абал тынч.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM